Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.09.2018 12:55 На русском

Колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы кызга гипс койгон хирургдун пикири (видео)

Turmush -  Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун хирург-травматологу Кубаныч Абдураззаков колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы Медина Каныбековага кандай жардам көрсөткөндүгүн айтып берди.

Анын айтымында, кызды ооруканага 5-сентябрда чоң энеси алып келген.

«Алар даяр рентген сүрөтү менен келишти. Мен аны караганда, сөөктүн жылышын көргөн жокмун. Кыздын колу кадимкидей эле чүпүрөк менен байланган экен. Чоң энеси анын 3 күн мурун жыгылып кеткенин айтып, медициналык жардам көрсөтүүнү өтүндү. Алардын айтымында, кыз 3-сентябда кулаган. Бирок, ошол күнү алар дарыгерлерге кайрылган эмес. Алар сөөк таңгычка барышканын же барбаганын айтышкан жок. Мен колун караганда, йод менен сүйкөп коюшканын көрдүм. Анын баарын жууп, тазалаган соң жараатты көрдүм. Ал жара бүтөлүп баштаптыр. Бирок, мен ал жарага инфекция кирип кетиши мүмкүн деп күмөн санагам. Мен муну аларга дагы айткам. Андан кийин сыртына лангет койгом. Аларга улам кароодон өтүп турууну сунуштадым, анткени дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуп туруу зарыл эле. Бирок, чоң эне небересин алып келүүгө мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, «Ананьев айылындагы ооруканага барып турууга болобу?» деп сурады. Мен ага хирург дарыгерге көрүнүүнү сунуштап, антпесе колу ириңдеп кетерин айткам», - деди ал.

Социалдык тармактарда хирургдун кайрылуусу жайгаштырылып, анда кыз Григрьев айылында энеси менен жашагандыгы айтылган.

Анда жазылган маалыматка караганда, кыз кулап, андан кийин жара пайда болуп, колу ооруп баштаган. Бирок, кыз жыгылганын айткан эмес, чоң энеси окуя боюнча кийин билген.

Айылдаштарынын айтымында, Мединанын агасы ал жыгылгандан кийин кан токтошу үчүн колун топурак менен тазалап, андан кийин кагаз менен сүртүп коюну чечкен. Кыздын колунда 2-3 см болгон кичинекей жаралар бар болчу. Кыздын чоң энеси улам колун таңуу үчүн аны алып келүүдөн баш тартып, небересин Ананьев айылына алып барууну суранганда, хирург уруксат берген. Бирок, алар хирургга 6-сентябрда эмес, 7-сентябрда барышкан. Оорукананын хирургу кыздын колун карап, кайра таңып берип үйүнө жөнөткөн. Алар 8-сентябрда кайра барышканда хирург колун карап, гангрена башталганын айткан. Ал Чолпон-Атанын дарыгерлери күнөөлүү, алар гипсти туура эмес салып коюшкан окшойт деген пикирди айтып, аларды Чолпон-Атага барууну сунуштаган. Анан Чолпон-Атада дарыгерлердин консилиуму (катуу ооруну аныктоо жана дарылоо жолдорун белгилөө үчүн врачтардын кеңешмеси) болгон, бирок кыздын жакындары аны ооруканага жаткыруудан баш тартып, кызды Бишкек шаарына алып барышарын айтышкан. Санавиация кызматы менен аларды Бишкек шаарына жөнөтүшкөн, ал жерден анын колуна дароо операция жасашкан. 10-сентябрда сол колун ампутация кылышкандан кийин, 7-8 саат өткөн соң кыз каза болуп калган.

Өзүнүн билдирүүсүндө хирург кыздын өлүмүнө аны күнөөлөөгө аракет кылып жатышкандыгын, бирок ал кызга биринчи медициналык жардам көрсөткөндүгүн, колун тазалап, гипс коюп, колун таңууга улам келип турууну сунуштагандыгын бирок жакындары андан баш тартышкандыгын билдирген.

Кубаныч Абдураззаков бир жыл 3 айдан бери хирург болуп иштейт. Айлык маянасы 4200 сомду түзөт. Үй-бүлөлүү. Ал анын тажрыйбасында мындай учур биринчи жолу болуп жатканын айтат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова (КСДП) саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевден Ысык-Көл облусунда колу сынгандан кийин каза болгон 8 жаштагы кыздын өлүмү боюнча маселени териштирүүнү өтүнгөн.

Ал эми Turmush басылмасына Мединанын чоң энеси Чынаргүл Момбекова окуя тууралуу айтып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×