Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.10.2018 15:56

Ысык-Көлдө айыл өкмөттөрдүн жооптуу кызматкерлери тажрыйба алмашты (фото)

Turmush -  Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Кара-Ой айыл өкмөтүндө райондогу айыл өкмөттөрдүн жооптуу кызматкерлери үчүн кеңешме өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондук администрациянын аппарат жетекчиси Динара Акматованын маалыматында, кеңешме айыл өкмөттөрдөгү иш кагаздарды жакшыртуу менен бирге, өз ара тажрыйба алмашуу, мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү талкуулоо максатында уюштурулган.

Кеңешменин өтүүсү ар бир жооптуу катчынын ишиндеги айрым көйгөйлөрдү чечүүгө жакшы таасир бергендиктен, иш-чара райондогу 12 айыл өкмөттө тең уюштурулмакчы. Жыйында айтылган жооптуу катчылардын сунуш-талаптары өкмөттүн тиешелүү адистерине билдирилет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×