Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.10.2018 11:52

«Мекендештер»: 5 тилде сүйлөгөн Кундуз Кубатова Америкада эки жумушта иштеп, айына 3000 доллар табууда (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бостери айылынын 20 жаштагы тургуну Кундуз Кубатова Америкада эмгектенип, айына 3000 доллар маяна алып жатат. Польшада билим алган мекендешибиз 5 тилде эркин сүйлөйт.

Кундуз 11-классты бүткөн соң Польша мамлекетиндеги окуу жайдан бир жыл билим алган. Учурда Американын Чикаго шаарында иштеп жатат.

«Жайында программа аркылуу Америкага келгем. Өзүм саякаттаганды абдан жакшы көрөм. Польшада окуп жүргөндө ар бир жайда ар башка мамлекетте иштеп, тажрыйба топтойм деген максат койгом. Апам да абдан жардам берди. Биринчи жылы Грецияда 6 ай иштеп, окууга акча чогултуп, кайра келдим. Андан кийин Чехия, Германия, Италияга да бардым. Баардык жер жакты, бирок жүрөгүмө эң жакын жер Америка болду. Азыр мен эки жумушта эмгектенем. Коктейль жасап, SPA салондо иштейм. Келгениме 4 ай болду. Эки жумуштан биригип айына 3000 долларга жакын акча табам. Апам Италияда жашагандыктан ал жерге да бардым.

Америкада эч кимдин эч ким менен иши жок. Баары күлүп-жайнап, калп болсо да суроолоруңа сылык жооп беришет. Америкалыктар башка улуттарга көнгөн, ошондуктан мен үчүн өтө деле кыйынчылыктар болгон жок. Бирок тамак-аштары жаккан жок. Себеби тамактын даамын такыр сезе албайсың. Биздин тамак-аш абдан даамдуу», - деди ал.

Американын эли эртеден кечке иштешерин белгилеген Кундуз: «Адамдар тынбай иштешет. Алар эмгекчилдерди жакшы көрүп, баалашат. Жаратылышка абдан жакшы мамиле жасашат. Мен жайында Делавэр штатында болгом. Ал жерде үйүбүздүн алдында эликтер, коёндор, түлкү чуркап жүрсө абдан таң калгам. Өзүм 5 тилде сүйлөйм. Кыргыз, орус, түрк, англис жана поляк тилдерин билем. Буюрса эми испан тилин үйрөнгөнү жатам», - деди.

Кундуз чет өлкөдө кызыктуу окуяларга кабылган. Аны кытайлыктар кытай экен деп ойлошкон.

«Буйрутма алып жатсам кытайлык адам кытайча сүлөп кетти. Мен эч нерсе түшүнбөй калдым. Көрсө ал мени кытай деп ойлоптур. Америкалык досума курут берсем, ал ууланып, жумуштан суранып кеткен эле. Андан кийин эч кимге курут берген жокмун.

Азыр пианино сабагына жана бий ийримине жазылып койдум. Бош убакыт болсо эле ийримдерге чуркайм. Окуумду аяктап, тасма тартууну максат кылам. Ошондой эле долбоорлорду ишке ашырууну да ойлонуп жатам. Ушул жерде иштеген, жашаган жердештерибизди чогултуп, Кыргызстандагы муктаж адамдарга жардам берүү үчүн фонд ачууну көздөйм. Айына ар бирибиз 20 доллардан которсок, муктаж адамдарга жардам бере алабыз деп ойлойм. Келечегимдин пайдубалын түптөп берген апама ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×