Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.10.2018 17:36

Ысык-Көлдө 25 жаштагы жигитти айылдаштары катуу музыка үчүн сабашкан

Turmush -  Ысык-Көл районунда жергиликтүү тургунду сабаган 2 айылдашы кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл ОИИБге 16-октябрда Кароол-Дөбө айылынын 25 жаштагы тургуну С.Элдос кайрылып, Тамчы айылында ошол эле күнү аны 3 жергиликтүү тургун сабаганын билдирген. Жабырлануучунун айтымында, ал Бишкек шаарына үй-бүлөсү менен кеткен тууганынын Тамчы айылындагы үйүндө 1-октябрдан тарта жашап жаткан.

«Ал 16-октябрга караган түнү саат 02:00 чамасында уюлдук телефон аркылуу колонка менен музыка угуп жаткан. Ошол убакта Заманбек, Алеш жана дагы бир белгисиз жигит мас абалда анын терезесин такылдатышып, эшикке чакырышкан.

Алар анын музыканын үнүн катуу чыгарганын айтып, сабап салышкан. Жабырлануучу эртең менен апасына телефон чалып, окуяны айтып бергенден кийин райондук милицияга кайрылган.

Аталган факт Ысык-Көл ОИИБде каттоого алынып, жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизадан өтүүгө жолдомо берилген. Милиция кызматкерлери тарабынан арыз ээсине жаракат келтирген жарандар аныкталды. Алар — Тамчы айылынын 26 жаштагы тургундары С.уулу Заманбек, 25 жаштагы М. уулу Ислам экени аныкталып, күнөөсүн мойнуна алышкан. Ал эми үчүнчү шектүү аныкталып жатат.

Учурда тергөө иштери уланууда жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×