Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.10.2018 09:43

Ысык-Көлдө коопсуздук секторунда иштеген аялдар гендердик көйгөйлөрдү талкуулашты

Turmush -  Ысык-Көл районунда коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук секторунун Кыргыз айымдар ассоциациясынын кеңешме-тренинги өттү, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн ар тарабынан келген, тактап айтканда прокуратура, милиция, жазаларды аткаруу жана чек ара кызматында, жергиликтүү бийлик органдарында эмгектенген айымдар өз ара кызматташууну бекемдөө менен коопсуздукту камсыздоо жана гендердик көйгөйлөрдү чечүү жагын талкуулашты. Анын жүрүшүндө катышуучулар коопсуздукту, өзгөчө балдардын коопсуздугун сактоодо жалпы коомчулуктун активдүүлүгүн арттыруу боюнча ой-пикирлерди айтышып, аялдардын кызматтагы ордун арттыруу боюнча талкуу кылышты.

Иш-чаранын уюштуруучусу Шамшыбек Мамыров кеңешме-тренинг бүгүнкү күндүн талабы экенин, коопсуздукту сактоодо бирге аракет жасоодон ийгиликтер жараларын белгилеп, бул иш-чарага чакырылып, бирок келбей калган Бишкек шаардык мэриясына, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө нааразы экенин билдирди.

Анткени өлкөнүн ар тарабынан келип, чоң көйгөйлөрдү талкуулаган мындай иш-чараны уюштурууга зор аракет жана каражат жумшалат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×