Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.10.2018 08:16 На русском

Ысык-Көлдө форелди жасалма уруктандыруу кампаниясы башталды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда форелди жасалма уруктандыруу кампаниясы башталды. Бул тууралуу ихтиолог Догдурбек Кабатаев билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдөгү балыктардын санын сактап калуу максатында жыл сайын ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын бири жасалма уруктандыруу болуп саналат.

«Быйылкы жылга бекитилген планга ылайык 300 миң урук (икра) салабыз. Кампания башталды, биз жумуштарды аткарып жатабыз. Жазга чейин чабактарды өстүрүп, андан кийин Ысык-Көл районунун Григорьев айылындагы көл жээкке кое беребиз», - деди 40 жылдык тажрыйбага ээ ихтиолог.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×