Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.10.2018 11:46

Ысык-Көлдөгү рейдде мас абалдагы жана жол эрежесин бузган 65 айдоочу аныкталды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери райондун аймагында «Рулда» рейдин өткөрүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Рейддин жүрүшүндө жол эрежесин бузган 63 айдоочу аныкталып, мыйзам чегинде айып салынды. Мындан сырткары мас абалындагы 2 айдоочу кармалды.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктарын алдын алуу максатында өзгөчө жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын техникалык абалын көзөмөлгө алып, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×