Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.10.2018 13:11

Кылым карыткан карылар: 104 жаштагы Күлүшай апа кыбырасын багууга жардам берет (фото)

Turmush -  104 жаштагы Күлүшай Боруева Ысык-Көл районунун Кашат айылындагы эң узак жашаган адамдардын бири. Учурда ал небере-чөбөрөлөрү менен жашайт.

Анын чөбөрө келини Адина Кусейинованын айтымында, Күлүшай апа бир кылымдан ашык жашаса да акыл-эси тунук, баскан-турганы тың. Дайыма небере-чөбөрөлөрүнө жомок айтып берет.

«Мен бул үй-бүлөгө келин болуп келгениме 2 жыл болду, ошондон бери 104 жаштагы чоң кайненемдин айтып берген ар кандай окуяларынан, өзгөчө жомокторунан таасир алып келем. Ал башынан өткөн окуяларды айтып берип эриктирбейт. Ал кыбырасын, тактап айтканда менин баламды багууда да жардам берип, кеңештерин айтып, дайыма батасын берет. Апабыздын тажрыйбасы, айткан кеңештери, акыл-насааттары биз үчүн абдан маанилүү. Кылымдан ашык жашаган апабыздын ыраазычылыгына татып, батасын алганыбызга кубанабыз», - дейт Адина.

104 жаштагы Күлүшай апа 4 баланы тарбиялап өстүргөн. Учурда небере-чөбөрөлөрүнүн колунда жашайт. 54 жаштагы небере келини Света Курманалиева, 22 жаштагы чөбөрө келини Адина Кусейинова Күлүшай апаны жакшы карашып, эң узак жашаган карынын ырыскысы бар экенин айтып, аны менен сыймыктанып келишет.

Келиндеринин айтымында, Күлүшай апа күн сайын радио угуп, өлкөдө болуп жаткан жаңылыктар менен да кабардар. Чай үстүндө уккан жаңылыктарын үй-бүлөсүнө да айтып берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×