Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 25.10.2018 13:43

Салыктын көп чогулушуна Көчмөндөр оюндарынын өтүшү себеп болду, - салыкчылар

Turmush -  Ысык-Көл райондук салык инспекциясы кардарларды сапаттуу тейлөө максатында жаңы тейлөө борборун ишке киргизишти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул борбордо эми 6 кызматкер декларацияларды кабыл алып, салык төлөөчүлөрдү каттоо, милдеттүү жана ыктыярдуу патенттерди, маалым каттарын берүү иштерин жүргүзүшөт. Салыкчылардын айтымында, мындай борбор ишке киргизилгенге чейин жайкы эс алуу убагында кезек күткөндөр көбөйүп, ыңгайсыз абал жаралып келген.

Ал эми быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу салык 54 млн сомго көп чогултулду. Салыкчылар мындай көрсөткүчтү быйылкы эс алуу убагынын жакшы болушу жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өтүшү менен байланыштырууда.

Ысык-Көл райондук салык инспекциясынын башчысы Кубат Өмүрбековдун маалыматына караганда, өткөн жылы 9 ай ичинде 354 млн 976 миң сом чогултулса, быйылкы 9 ай ичинде 409 млн 322 миң сом чогултулган.

«Бул былтыркы жылга караганда 54 млн сомго ашык. Буга биздин эс алуу жайларынын келишимдик негизге өтүшү да себеп болушу мүмкүн. Ал жыл сайын он пайыз өсүш берип турат. Экинчиден Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да себеп болду. Анткени сентябрь айында эс алуучулар көп келишти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×