Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.10.2018 10:23

Ысык-Көлдө 25 жаштагы жигитти сабаган айылдаштар үй камагына алынды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тамчы айылында 25 жаштагы жигитти сабоого шектүү деп кармалган эки адамга карата сот баш коргоо чарасын кабыл алды.

ОИИБдин басма сөз кызматы 26-октябрда маалымдагандай, С. уулу Элдосту сабоого катышкан деп шектелген Тамчы айылынын 26 жаштагы тургуну С. уулу Заманбек жана 25 жаштагы М. уулу Ислам үй камагына алынды.

Буга чейин Тамчы айылында 25 жаштагы жигитти айылдаштары катуу музыка үчүн сабашканы маалымдалган.

Кийинчерээк Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан С. уулу Элдостун Тамчы айылында сабалышы боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Бейбаштык») менен кылмыш иши козголгон болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×