Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 18.11.2018 16:49 На русском

Ысык-Көлдө жөө адамды өлтүрө сүзүп качып кеткен «БМВнын» айдоочусу кармалды (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 63 жаштагы адамды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 17-ноябрда саат 19:00 чамасында Балыкчы - Ананьев - Каракол жолунун 69 - чакырымында Бает айылынын күн чыгыш тарабында болгон. Анда жолдун түштүк тарабына өтүп бара жаткан адамды белгисиз унаа сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө адам ошол жерде каза болгон. Ал Сокулук районунун Ак-Жал айылынын 1955-жылы туулган А.Мукамбет аттуу тургуну экендиги аныкталган.

Көрүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, облустук ЖККК бөлүмүнүн взводдун командири, милициянын капитаны А.Айтбеков тарабынан айдоочу «БМВ-5281» унаасы менен кармалган. Ал Балыкчы шаарынын 1989-жылы туулган тургуну К.Чынгыз экени такталган. Унаа айып салуучу жайга токтотулду.

Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×