Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.01.2019 18:20 Жаңыланды: 16.01.2019 11:59 На русском

Бостериде 2 окуучуну сабаган шектүү адам табылды

Turmush -  Ысык-Көлдүн Бостери айылында 2 окуучу бала сабалды. Аларга белгисиз адам кол салганын АКИpress агенттигине Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Жергиликтүү милиция кызматкерине 12-январда Россиянын 1975-жылы туулган жараны (аял киши) кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү анын 10 жаштагы уулу (Россиянын жараны) жана 13 жаштагы досу короодо ойноп жүргөндө белгисиз эркек адам алардын жанына барган. Ал балдарды короосуна ууруга кирдиңер деп айыптаган. Ал киши балдарды унаасына салып алып, кашарга алып барып сабап, экөө тең денесинен жеңил жаракат алышкан.

Кийинчерээк балдарды сабаган шектүү адам ким экени такталганы маалым болду, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Маалым болгондой, арыз ээси — Бостери айылынын 1965-жылы туулган тургуну А.Светлана, жана Россия Федерациясынын Марий Эл Республикасындагы Йошкар-Ола шаарынын 1975-жылы туулган тургуну, Бостериде убактылуу жашап жаткан Г.Елена болгон.

Жабырлануучулардын бири — 13 жаштагы А.Е. Бостеридеги мектепте 6-класстын окуучусу. Анын атасы Л.В. (1965-жылы туулган) чарбасы менен алектенсе, апасы үй кожойкеси.

Экинчи жабырлануучу — 10 жаштагы бала ошол эле мектепте 5-класстын окуучусу. Анын атасы Г.Сергей (1979-жылы туулган) ошол аймактагы санаторийлердин биринде ширетүүчү болуп эмгектенсе, апасы үй кожойкеси.

Окуучулар менен инспектор жолугушуп, учурда алар мектепке барып жатышат. Денесине келтирилген жаракатты аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок кийинчерээк балдардын ата-энелери тосмо арыз жазып, экспертиза өткөрүүдөн баш тартышканы белгилүү болду.

Ал эми балдарды сабаган шектүүнүн өздүгү такталып, Бостери айылынын 1982-жылы туулган тургуну Ж.Чыныбек экени белгилүү болгон. Ал эки баланын атасы, эч жерде иштебейт, өзүнүн айтымында мурда сот жообуна тартылган эмес. Шектүүгө карата Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренеси (ден соолукка жеңил жаракат келтирүү) менен териштирүү, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×