Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.01.2019 10:12 Жаңыланды: 21.01.2019 16:44 На русском

Экотехинспекциянын Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн жетекчиси жол кырсыкта каза болду (сүрөт, өмүр баяны)

Turmush -  Ысык-Көл облусунда жол кырсыктан улам Экотехинспекциянын облустук бөлүмүнүн жетекчиси Мирлан Абдрахманов каза болду. Бул тууралуу ОИИБдин ЖККК бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык 20-январда саат 20:15 чамасында Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда катталган. Бишкек шаарында 1974-жылы туулган Мирлан Абдрахманов «Тойота-Ленд Крузер 470» унаасы менен бара жатканда рулга ээ боло албай, унаа ала салып кеткен. Анын кесепетинен ал катуу жаракат алып, окуя болгон жерде каза болду.

М.Абдрахманов 22-январда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда акыркы сапарга узатылат.

Өмүр баяны

Абдырахманов Мирлан Таштемирович 1974-жылдын 28-июнунда Бишкек шаарында туулган.

Билими:

- 2005-жылы Чүй университетинде юриспруденция тармагында, Юридикалык академияда магистратурада «Жарандык укук жана укуктук мамилелер» багыты боюнча билим алган.

Мындан тышкары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде инженер-куруучу адистиги боюнча билим алган.

Эмгек жолу:

- 1994-жылдан 2012-жылга чейин ӨКМдин өрткө каршы кызматында алгач өрт өчүрүүчү, андан кийин бөлүмдүн командири, күзөт кызматынын башчысы, Бишкек шаары боюнча өрт кызматынын инспектору болуп эмгектенген;

- 2012-жылдан 2014-жылга чейин Экотехинспекциянын Бишкек шаардык өрт боюнча көзөмөл кызматы бөлүмүнүн инспектору болуп иштеген;

- 2018-жылдын 7-мартынан тарта Экотехинспекциянын Ысык-Көл облусуна Каракол шаардык Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондор аралык башкармалыгынын башчысы болуп иштеп келген.

Бир нече мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×