Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 14.02.2019 11:32 На русском

Ысык-Көлдө 12 жаштагы кызды зордуктаганы үчүн өмүр бою эркинен ажыраган кишинин жазасы жеңилдеди

Turmush -  Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы окуучу кызды зордуктоого байланыштуу кылмыш иш боюнча 53 жаштагы механик-оператор Кадырбекке (ысымы өзгөртүлдү) карата козголгон кылмыш ишти карады. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

Буга чейин шектүүнүн ишин Ысык-Көл райондук соту карап, жыйынтыгында өмүр бою эркинен ажыраткан болчу. Ал эми облустук сот бул чечимди өзгөртүп, Кадырбек 14 жылга эркиндигинен ажыратылды.

Ысык-Көл райондук соттун чечими

Ысык-Көл райондук соту 2018-жылдын 28-июнунда 12 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча чечим чыгарган. Turmush басылмасына райондук прокуратурадан тастыктаган маалымат боюнча, судья Ысык-Көл районунун тургуну Кадырбекти КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү («Өспүрүм кызды зордуктоо») менен күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Прокуратурадан маалымдашкандай, соттолуучу адамдын күнөөсү толугу менен далилденген.

Буга чейин Чолпон-Ата шаарында 12 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектелген адам кармалгандыгы маалымдалган. Маалыматка караганда, 2018-жылы 26-мартта милицияга шаардын 1960-жылы туулган тургуну (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал 25-март күнү саат 22:00 чамасында 2006-жылы туулган кызын азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштардагы белгисиз адам зордуктап кеткенин билдирген.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектүү жаран колго түшүрүлгөн. Айрым маалыматтарга караганда, өспүрүм кыз аталган күнү маданий борбордун жанында саат 20:00 чамасында үшүп кеткендиктен С.У.нун унаасында отуруп турууну суранган. Шектүү кызга тамак сатып берип, андан кийин күч колдонуп зордуктаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×