Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.02.2019 11:51

Сүйүү күнүндөгү мастар: Ысык-Көлдө 11 адам кармалды

Turmush -  14-февралда Ысык-Көл облусунда мас абалда унаа айдаган 11 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал күнкү майрамда жол кырсыктарын алдын алуу үчүн атайын рейд уюштурулган. Анын жүрүшүндө жол эрежесин бузган 93 айдоочуга протокол түзүлдү. Мас абалында автоунаа башкарган 11 айдоочу кармалды. Ылдамдыкты ашырып айдаган 32 айдоочуга, коопсуздук курун тагынбаган 39 айдоочуга, кызыл жол чырактан өткөн 3 айдоочуга жана башка эрежелерди бузган айдоочуларга айыптар салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×