Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.02.2019 08:30 На русском

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк саяпкер Мыктыбек Токтосуновдун легендага айланган жоргосу 27 унаа уткан (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын 48 жаштагы тургуну Мыктыбек Токтосунов 6-классынан бери ат таптап келет. Ал саяпкерлик кесиби болуп калганын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Мыктыбек мырза легендага айланган тулпарды таптап, 27 унаа утуп алган.

«Саяпкерлик мага кесип болуп калды. 1984-1985-жылдары, тактап айтканда 6-класста окуп жүргөндө бизде асыл тукум жылкылар багылуучу чарба бар эле. Ошол жерге барып калып кызыгуум арткан. Ошол мезгилден бери ат үстүндөмүн. Таптаган тулпарларым көп. Алгач күлүктөн баштап, кийинчерээк жорголорго көңүл буруп баштадым. Учурда жорголорду таптоо менен алекмин. Алардын арасында легенда болуп калган атактуу Патрон да бар. Аны менен мелдештерге катышып, 27 унаа уттум. Мага чейин Патронду 2 жашында Пётр Карабельников аттуу саяпкер таптап, 15 автоунаа уткан экен», - дейт ал.

Анын айтымында, учурда Вулкан аттуу жоргону таптап, мелдештерде чаптырып жатат.

«Вулкан менен II-III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орунду багындырдык. Ал 13 унаа утту, буюрса быйыл да жорго салышка катышам деген оюм бар. Чабандес, саяпкер болуу оңой эмес. Жылкыны сезүү, түшүнүү өзүнчө бир окуу болсо керек. Эң башкысы чыдамкай болуу зарыл. Келечекте саяпкерликти кичүү уулума үйрөтүүнү максат кылам», - деди ал.

Саяпкер 1 кыз жана 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×