Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.03.2019 10:59

Ысык-Көлдүн Григорьевка капчыгайына баруучу жолго түшкөн кар көчкү тазаланды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  26-марттан 27-мартка караган түнү Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайына баруучу жолго түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымат караганда, 1800 метр куб кар көчкү ички чарбалык жолдун 8-10-чакырымында түшкөн. Анын кесепетинен унаа жол жабылган. Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Жолду тазалоого №7 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 3 кызматкер тартылган. Тартылган күчтөрдүн жардамында саат 15:20да унаа жол толук тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×