Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.03.2019 18:21 На русском

Апасы жокто өспүрүм кызын зордуктаган өгөй ата өмүр бою эркинен ажыратылды

Turmush -  Ысык-Көл райондук соту 28-мартта зордуктоого шектелип кармалган адамга карата чечим чыгарды. Маалым болгондой, шектүү жаранга прокурор тарабынан эки эпизод боюнча айып тагылган.

Ысык-Көл районунун прокурору сот залында соттолуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну суранды. Ал белгилегендей, айыпталуучу өспүрүм кызга олуттуу моралдык жана психикалык зыян келтирген. Анын күнөөсү толугу менен далилденген, ага жабырлануучунун көрсөтмөсү дагы далил боло алат.

Ушул жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы мыйзамдар боюнча Элдиярга КРнын Кылмыш-жазык кодексинин 161-беренесинин 4-бөлүмү (зордуктоо, жашы жете элек өспүрүм кызга карата) менен эки эпизод боюнча айып тагылган. Биринчи эпизод боюнча мамлекеттик айыптоочу аны 15 жылга эркинен ажыратууну жана экинчи эпизод боюнча өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Сот материалдарды карап чыгып, аны өмүр бою эркинен ажыратты.

Буга чейин Ысык-Көл районунда 13 жаштагы кыз 2 жыл мурда өгөй атасы зордуктаганын айтканы маалымдалган.

Маалым болгондой, 2018-жылы 28-октябрда Ысык-Көл РИИБге Чолпон-Атадагы балдар реабилитациялык борборунан арыз түшкөн. Анда 2005-жылы туулган Азиза аттуу кыз (аты өзгөртүлдү) 1962-жылы туулган Элдияр аттуу (аты өзгөртүлдү) өгөй атасы тарабынан зордукталгандыгы айтылган.

Иликтөөчү топ жабырлануучу кыздан маалымат алган учурда ал Ысык-Көл районундагы үйлөрдүн биринде 1976-жылы туулган апасы Айнура (аты өзгөртүлдү) жана өгөй атасы менен жашагандыгын билдирген. Июнь айынын башында өгөй атасы апасы үйдө жокто күч колдонуп зордуктаган. Андан кийин 2-жолу 2015-жылдын 29-июнунда Түп районунда туугандарыныкына конокко барган учурда зордуктаган.

Аталган факты боюнча кыздык белги качан жабыркагандыгын текшерүү үчүн 2018-жылдын 29-сентябрында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы 10-октябрда чыгып, кыздын кандайдыр бир жаракат алгандыгы тастыкталган эмес. Бирок Азизанын кыздыгы жабыркагандыгы аныкталган. Бирок ал качан жабыркагандыгы такталган эмес. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүмү (жашы жете элек кызды зордуктоо) менен кылмыш иш козголгон. Өгөй атага айып тагылып, соттун чечими менен камакка алынган.

Жабырлануучу Азиза 6-класска чейин Ысык-Көл районундагы мектептердин биринде окуган. 2017-жылдын ноябрь айында Чолпон-Атадагы балдар реабилитациялык борборунда дарылануудан өткөн. 2018-жылдын 4-октябрында Чолпон-Ата шаарындагы балдар үйүнө которулган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×