Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 16.05.2019 12:50

Президент С.Жээнбеков Ысык-Көлдөгү сүт өндүрүү боюнча фермердик чарбанын иши менен таанышты (сүрөт)

Turmush -  Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында бүгүн, 16-майда Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылындагы «Капар уулу Улан» фермердик чарбасына барды. Ал Дүйнөлүк банктын «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында аткарып жаткан иши менен таанышканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун жетекчиси Төрөгул Беков жана чарбанын жетекчиси Уланбек Дыйканов маалымдагандай, Ысык-Көл облусунда «Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоору 2018-жылдан бери ишке ашырылууда. Анын максаты — сүт багытындагы уйлардын азыктуулугун жана сүт чогултуу борборлорунда сүттүн сапатын жогорулатуу.

Долбоордун биринчи компоненти боюнча — сүт секторундагы мамлекеттик жана жеке кызматтарды күчөтүүгө бардыгы болуп 1,140 млн АКШ доллары бөлүнгөн.

Анын ичинен 550 миң АКШ доллары Балыкчы жана Каракол шаарларындагы аймактык ветеринардык диагностика жана экспертиза борборлорун колдоого, 200 миң доллар сүт багытындагы уйлардын асыл тукумдуулугун жогорулатуу, уйларды жасалма жол менен уруктандырууну жайылтууга көмөк көрсөтүүгө берилген.

Долбоордун экинчи компонентинин алкагында (1,140 миң АКШ доллары) сүт багытындагы уйлары бар 6 000 кичи фермер мал чарбасында туура иш алып баруу жана фермердик чарбаны башкаруу боюнча окутуудан өткөрүлөт.

Үчүнчү компонент (2,120 млн АКШ доллары) Айланма фонд күрөөсүз жана эркин пайыздуу насыяларды дыйкандарга жана сүт алуучуларга сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында бодо мал, материалдар жана чакан жабдууларды сатып алуу үчүн камсыздайт.

Бардык компоненттер боюнча айылдарда фермерлерди окутуу жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков ушул сыяктуу долбоорлор региондордун жашоочуларын колдоп, аларды ишкерлик менен алектенүүгө шарт түзөт жана мал чарбасындагы жаңы технологияларды үйрөтө турганын, айылдын жана бүтүндөй мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң салым кошорун белгиледи. Ал долбоорду ишке ашырууда жана фермердик чарбаларды өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×