Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 23.05.2019 14:20

Ысык-Көлдө 10 жылдык бүтүрүүчүлөр эки айылга арка орнотушту

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чет-Байсоорун жана Көк-Дөбө айылындагы мектептин 10 жылдык бүтүрүүчүлөрү эки айылдын кире беришине арка орнотушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 1991-жылы туулган классташтар 10 жылдык майрамды белгилөөнүн ордуна эки айылга пайдалуу иш жасоону чечишкен.

Алардын айтымында, эки айыл тоо койнунда жанаша жайгашкандыктан ары-бери өткөндөр айылдын атын сурап, убара болушчу. Мындан улам алар каражат чогултуп, элеттин аты жазылган эки арка орнотушту.

Ал эми жергиликтүү тургундар 10 жылдык бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×