Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.06.2019 10:01

Жеңеке: Ысык-көлдүк Н.Жеенбаеванын келиндик доордогу кызыктары (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы — Ысык-Көл районунун Темир айылынын 39 жаштагы тургуну Назира Жеенбаева. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымыда, ал Темир айылындагы орто мектепти 1997-жылы бүтүрүп, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин сырттан окуу бөлүмүндө билим алган. 3-курсту бүткөндөн кийин жашоо шартка байланыштуу окуусун уланта алган эмес.

«Атам механизатор, апам медайым болуп эмгектенчү. Атам былтыр каза болду. Апам учурда үй-бүлөлүк ишкерчилик менен алектенет. Үй-бүлөдө төрт бир тууганмын.

21 жашымда өз каалоом менен айылдашым Мирланга турмушка чыккам. Жолдошум 1978-жылы туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук агрардык университетинде билим алган. Жогорку билимдүү болсо дагы өзү куруучу болуп эмгектенип жатат.

Мен жар тандоодон жаңылган жокмун. Анткени жолдошум күйүмдүү жар, боорукер жана баласаак ата.

Турмушка чыкканга чейин жолдошум канча бир тууган экенине кызыкпаптырмын. Көшөгөдө отурсам эле толтура кичинекей балдар кирип-чыгып жүрүшөт. Тойго ээрчип келген балдар го десем, тойдон кийин деле жүрөт. Көрсө ал жолдошумдун бир туугандары экен. Үй-бүлөдө жети эркек, бир кыз экен. Азыр ошол бир туугандарынын баары чоңоюп, үй-бүлө курушту. Эң кичине уул менен кыздан башкасы», - дейт ал.

Назира Жеенбаева келиндик доордогу кызыктуу окуяларын эстеди.

«Жаңы келин болуп келген кезде кайын атамдар Бостери айылында турушчу, биз Темир айылында жашачубуз. Бостериге базарга барганда кайын атама кезигип калып, аны менен кол берип саламдашкан элем. Атам азыркыга чейин: «келиним экөөбүз кол алышып учурашабыз» деп күлүп калат.

Азыр алты абысыным бар. Баарыбыз чогулганда кызыктуу окуялар көп болот. Апам баарыбыз чогуу турганда аттарыбызды алмаштырып алып күлдүрөт. Мен 6 келиндин улуусумун.

Бош убактымды балдарыма арнайм. Аларды тоого, көлгө эс алууга алып барганга аракет кылам. Алардын татыктуу билим алышы үчүн болгон аракетимди жумшайм. Келечекте балдарым адам болуп чоңойсо, элге кереги тийген инсандар болсо экен деп тилейм. Кыргызстан өнүгүп, чет элдер бизди жалаң жакшы жагынан тааныса, ошондой эле жолдошум экөөбүз бактылуу карылыкка жетсек экен дейм», - дейт ал.

Жубайлар эки уул, эки кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×