Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.06.2019 13:09

Москвадан келген ишкерлер Ысык-Көлдүн активисттери менен жолугушту (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 27-июнда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында Россиядагы кыргыз ишкерлер менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана активисттер жолукту.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жолугушууга Россиядагы «Ысык-Көл ынтымагы» коомдук фондунун төрагасы Акбар Маразыков, Кубанычбек Осмонбеков, Руслан Алыбаев, Азамат Абылгазиев, Рустам Каримбеков жана бир катар бизнес өкүлдөрү келген. Анда чет өлкөдө иштеген кыргыз жарандары аткарган иштер, алдыга койгон максаттар жана жетишкендиктер тууралуу айтып беришти.

Жолугушуунун башкы максаты облустун аймагындагы айылдарды өнүктүрүү фонддорун түзүү, ага салым кошуу, элдин социалдык абалын жакшыртуу болуп саналат.

«Айылды өнүктүрүү фонддорун түзүү десе эле акча жыйноо деп түшүнгөндөр бар. Бирок бул андай эмес. Фонддор элдин ынтымагын бекемдеп, кыргыз элинин биримдигин жогорулатууга багытталат. Ошондуктан фонддун алдыга койгон максаттарын талкуулоо үчүн Ысык-Көлгө келдик», - дешти Орусиядан келген мекендештер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×