Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.06.2019 13:29

Ысык-Көлдүн Кош-Көл айылында 1,5 млн сомго кичи футбол аянтча курулду

Turmush -  Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагына караштуу Кош-Көл айылында кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, курулушка жергиликтүү бюджеттен 650 миң сом, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунан 900 миң сом бөлүнүп, жалпы 1 млн 550 миң сом жумшалган.

Спорт аянтчанын ачылыш аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, айыл тургундары катышып, каалоо-тилектерин айтышты. Ошондой эле спорттук мелдеш дагы уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×