Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 28.06.2019 16:54

Бүгүн Бостериде эс алуучу көлгө чөгүп, каза болду

Turmush -  Бүгүн, 28-июнда Бостериде эс алуучу көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Окуя болжол менен саат 14:00 чамасында жеке пляждын аймагында болгон. Күбөлөрдүн айтымында, медпункта адистер болгон эмес. Мындан улам өз убагында жардам берилбей калган.

Тез жардам кызматы келип, тиешелүү жардамдарды көрсөтүшкөн. Бирок аялды аман алып калуу мүмкүн болгон эмес.

«Себеби, алар келгенге чейин эле аял каза болуп калган экен», - деди күбөлөр.

Эс алуучу аял Ташкент шаарынан келгени белгилүү болду.

Turmush басылмасына маалым болгондой, саат 14:20 чамасында Өзбекстандан келген эс алуучу көлгө түшүп жаткан учурда чөгүп кеткен. Анын денесин суудан куткаруучулар алып чыгышкан.

Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматы аялдын каза болуп калгандыгын аныкташкан. Алар маркумдун сөөгүн Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын өлүкканасына жеткиришкен.

Ысык-Көл ОИИБден тастыкташкандай, нөөмөт бөлүмгө болжол менен саат 14:27 чамасында «Кыргызское взморье» санаториясынын пляжында 45-50 жаштагы адам сууга чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, Өзбекстандын 1950-жылы туулган Е.Т. аттуу жараны чөккөндүгү аныкталган. Ал Ысык-Көлгө 22-июнда жолдомо менен 10 күнгө келип, «Кыргызское взморье» санаториясында жүргөн. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

«Кыргызское взморье» санаториясынан билдиришкендей, окуя санаторияга тиешеси жок жеке пляждардын биринде болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×