Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.06.2019 14:49

Туристтик милициянын кызматкерлери палестиналык спортчуга жардам көрсөтүштү

Turmush -  Туристтик милициянын кызматкерлери Палестинадан келген спортчуга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 29-июнда эс алуу борборлордун биринде триатлон боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат, ага Казакстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Палестинанын, Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышып жатат.

Мелдештин жүрүшүндө палестиналык спортчу бутунан жараат алып, мелдештен чыкты. Ошол учурда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн нөөмөттө турган туристтик милициянын кызматкерлери чет элдик спортчуга биринчи медициналык жардам көрсөтүштү. Андан соң мелдештин уюштуруучуларын жана медицина кызматкерлерин чакырышты.

Омар аттуу палестиналык спортчу жардам көрсөткөн милиция кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга биринчи жолу келгенин жана Ысык-Көлдүн кооздугуна абдан суктанганын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×