Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 06.07.2019 16:06 На русском

Ысык-Көлдө 4 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү

Turmush -  Ысык-Көл районунда 4 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызматынын жана райондук мамлекттик администрациясынын тиешелүү адистери «Мак-2019» операциясынын алкагында аймактагы кара куурай өскөн жерлерде аталган чөптү жок кылуу иштерин жүргүзүштү.

Райондогу 110 гектар жерде кара куурай өскөнү аныкталган. Бүгүн, 6-июлда Кара-Ой жана Темир айылдарындагы 4 гектар жерден 4 тоннага жакын кара куурай чогултулуп өрттөлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×