Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 07.07.2019 12:46 На русском

Түптөгү ири өрттүн кесепеттери. Видео

Turmush -  Түп районунда көлдүн жээгинде чыккан өрттөн Түп токой чарбасына тиешелүү 12,71 гектар жер өрттөнгөн. Бул тууралуу Түп токой чарбасынын инженери Бейшен Рымбеков билдирди.

Ал өрттөнгөн жер өлчөнүп чыккандыгын айтты.

«Бул аянтта чычырканак, тал-теректин түрү жана канаттуулар уялап жүргөн камыштар өрттөнүп кеткен.

Ал эми калган 20 гектардан ашык жер Кудургу айыл өкмөтүнө тиешелүү. Ал жердин аянтын бүгүн эсептеп чыгышат», - деди Б.Рымбеков.

Буга чейин Turmush басылмасы Түп районунун Кичи-Өрүктү жана Ой-Тал айылынын ортосунда токой өрттөнүп жатканын жазган.

ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнүн маалыматына караганда, өрт тууралуу билдирүү 5-июлда саат 16:30да түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×