Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.07.2019 18:12 На русском

4 жигиттин өмүрүн алган кырсыктын жаңы жагдайлары: «БМВ» менен «Лексус» кагышкан учур. Видео

Turmush -  7-июль күнү Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга жакын жерде жол кырсыкка кабылган «БМВ Х7» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсү «Социал» кафесинен чыгышкан. Кафе ат майдандын жанында жайгашкан жана 6-июль күнү ачылышы болгон.

Turmush басылмасына белгилүү болгондой, «БМВ Х7» унаасынын жүргүнчүлөрү кафеде 04:30га чейин болушкан. Түнү бою алар 1 литр суу жана лимон менен отурушкан. Ал эми тамакты таңга жуук гана буйрутма кылышкан. Кафенин кызматкерлери «БМВ» унаасынын рулуна отурган жигит спирт ичимдиктерин ичпегенин айтышты.

Күбөлөрдүн айтымында жана сырттагы видеокамерадагы видеотасмадан байкалгандай, «БМВнын» рулуна Х.Элдияр отурган. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында анын спирт ичимдиктерин ичпегени аныкталган.

Өзүн Зуля деп тааныштырган «Social Coffee» кафесинин администратору тышкы видеокамералардагы видеого комментарий берип жатат

Кафенин аймагынан чыккан «БМВ» негизги унаа жолго түшүп, ылдамдыгын арттырган жана «Лексус» менен кагышкан.

Сырттагы видеокамералардагы видео (жол кырсыгы 2:20-мүнөттө)

Буга чейин Turmush басылмасы аталган жол кырсык тууралуу жазган. Окуя 7-июлда саат 04:35 чамасында Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 82-чакырымында болгон. Ат майдандын жанынан «БМВ Х-7» унаасы «Лексус 300» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен «Лексус 300» унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчү — Бишкек шаарынын 1995-жылы туулган тургундары Д.Н. жана Б.Б. каза болгон. «Лексус» унаасындагы дагы бир жүргүнчү — Ош шаарынын тургуну К.Б. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал кийинки күнү көз жумду (жалпы 4 адам каза болду).

«БМВ Х-7» унаасы 1994-жылы туулган Т.Т.га тиешелүү экени, окуя болгон учурда досу башкарып жүргөнү айтылган.

Бишкектеги травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, «БМВ Х-7» унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүсүнүн баш мээси чайкалган. Ошондой эле АКИpress агенттигине 2 жабырлануучунун ысымдары К. жана Т. экенин билдирген.

Жабырлануучу Т. — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков болушу мүмкүн. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×