Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.07.2019 12:43

Ысык-Көлдө 6,2 миңден ашык бала жайкы өнүгүү борборлоруна барып жатат

Turmush -  Балдардын жайкы эс алуусун натыйжалуу өткөрүү максатында Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында, китепканаларда, бала бакчаларда, мектептерде өнүгүү борборлору иштеп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өнүгүү борборлорунда кол өнөрчүлүк, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экологиялык сабактар, дене тарбия, сөз байлыгын өстүрүү, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар өткөрүлүп, ар кандай интерактивдүү оюндар уюштурулуп жатат. Жалпы облус боюнча ачылган өнүгүү борборлоруна 6227 бала тартылган.

Жайкы өнүгүү борборлору өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн, жайыт комитеттеринин, билим берүү мекемелеринин, демөөрчүлөрдүн жана коомчулуктун колдоосу менен иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×