Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Нарын облусуНарын району 11.07.2019 17:17 На русском

Нарында эки тоо текени атып келип, союп жаткан тургун кармалды (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районундагы жайлоодон эки тоо текени атып өлтүрүп, союп жаткан жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-июлда Нарын районунун Көк-Торпок жайлоосунун Миң-Булак айыл округунун Көшөгө участкасынан райондун Д.Б. аттуу тургуну кармалган.

Анын жанынан ИЖ-12 куралы огу менен табылган. Аталган факт боюнча учурда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарын өкүлчүлүгү тарабынан протокол түзүлүп, келтирилген зыянды толтуруу максатында Нарын РИИБге өткөрүлүп берилди.

Өкмөттүн токтому менен атылган бир баш тоо теке үчүн 100 миң сом доо коюлат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×