Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 11.08.2019 15:34

Сүрөт — Ысык-Көлдө тоо боорундагы өрттү 160 адам өчүрүп жатат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Ананьев айылынын Орто-Байсоорун тоосунан 9-август күнү кечке маал чыккан өрттү өчүрүүгө 161 адам тартылды.

ӨКМдин облустук бөлүмүнүн маалыматына караганда, тоо боорунан түтүн чыгып жатканын жергиликтүү тургундар өрт өчүрүү кызматына маалымдашкан.

«Бизге маалымат түшкөн соң райондук өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери барышкан. Тоо айылдан алыс болуп, унаа жете алган эмес. Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар, жергиликтүү тургундар, токой чарбасынын кызматкерлери тартылган. Өрт талаадагы куураган чөптө тутанып, анан карагайларга жайылган. Өрт өчүрүүчүлөр айылга унаа менен жетип, андан ары жөө барышып, кол менен өчүрүп жатышат. Өрт 10-августта кечке маал курчоого алынып, жалындаган өрт өчүрүлдү. Учурда түтөп жаткан жерлер толугу менен өчүрүлүп жатат. Бүгүн өрттү өчүрүүгө ӨКМден 71 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 20 адам, Ысык-Көл облустук токой чарбасынан 70 адам, жалпы 161 адам тартылган», - деп билдиришти ӨКМдин облустук бөлүмүнөн.

Тоо элеттен алыс болгондуктан адамдарды жеткирүү кыйынчылык жаратууда. Мындан улам райондук администрация тарабынан атайын штаб түзүлүп, райондук түзүмдөрдүн техникалары тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×