Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.08.2019 10:47 На русском

Видео — Ысык-Көлдө тургундардын үйүн сел каптап жатат

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кош-Көл, Чырпыкты айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Тургундарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жардам көрсөтүп жатышат. Ысык-Көл районунун акими Данияр Иманалиев үйлөрүн суу каптаган жашоочулар менен жолугушуп, аларга керектүү жардамдар көрсөтүлө турганын билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Чырпыкты айылында 9 үйдү сел каптаган. Учурда сууну каналга буруу аракети көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×