Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусу, Токмок 18.08.2019 14:27 На русском

Токмоктук Браун Вольдемар эл аралык турнирде бир дагы сокку узатпай жеңишке ээ болду

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарынын 23 жаштагы тургуну — мушкер Браун Вольдемар Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда профессионалдар арасында өткөн эл аралык «Кулатуу эр таймаш WEF84 SELEKTION27» турниринде жеңиш менен кайтты. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Мирлан Усманов билдирди.

Анын айтымында, мелдеште Браун Вольдемардын атаандашы салмагы талапка жооп бербегендиктен беттешке чыккан эмес. Турнир кечээ, 17-августта өткөн.

«Токмок шаарынан бир эле мушкер алып барганбыз. Бирок биздин мушкер менен өтчү беттеш болгон жок. Анткени анын атаандашы салмагын тууралап келбептир. Анын ордуна 3 баланы сунушташты, бирок алар коркуп чыкпай коюшту. Браун Вольдемар 57 кг салмакта мушташмак», - деди Мирлан Усманов.

Браун Вольдемар Андреевич 1996-жылы 9-августта Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн. Ал 9 жашынан бери спорт менен машыгып келет.

Буга чейин Turmush басылмасы спортчу тууралуу жазган. Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×