Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 29.08.2019 18:26

Кырчынды таштандыдан арылткан чыгармачыл апалар. Сүрөт

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кырчын жайлоосундагы таштандылар чоң апалар тарабынан тазаланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

«Ысык-Көл айымдары» элдик фольклордук тобундагы апалар жай мезгилинде жайлоонун тазалыгына көз салып, жума сайын ишембилик өткөрүп турушкан. Топтун жетекчиси Тилек Маткеримованын айтымында, бул кадам менен башкаларга үлгү болууну каалашат.

«Кырчынга жума сайын баргандыктан эс алуучулар бизди таанып калышты. Алар бизге ыраазычылыктарын билдиришти. Таштанды тазалоодон сырткары түшүндүрүү иштерин дагы жүргүзүп жаттык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×