Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.08.2019 08:50 Жаңыланды: 30.08.2019 18:50 На русском

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Мирлан 25 жылдан бери кирешелүү кесипти аркалайт

Turmush -  Балыкчы шаарынын 45 жаштагы тургуну Мирлан Жумакадыров 25 жылдан бери ашпозчу болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Бишкек шаарындагы №10 кесиптик лицейде ашпозчулук кесипти үйрөнгөн. Андан кийин аскердик кызматка чейин коомдук тамактануучу жайларда ашпозчу болуп иштеген.

«Бул кесипти тандаганымдын себеби, апам ашпозчу болуп иштечү. Бала кезимде эле апама жардам берип жүрүп, бул иш жүрөгүмө жакын болуп калды. Мектепти аяктагандан кийин бул багытта билим алып, кийин өз алдымча иштеп баштадым. Ашпозчу болуп иштеп жатканыма билинбей эле 25 жыл болуптур. Учурда кафе жана ресторандарда башкы ашпозчу болуп эмгектенем. Чакыруу менен Кыргызстанды кыдырып, Казакстанга чейин барып иштеп келем. Буйрутма алып, тойлордо кызмат кылам.

Токтогул, Нарын, Чүй, Токмок, Каракол, Ысык-Көлгө чейин барып иштедим. Казакстандын Тараз шаарына, Мерке, Кордай аймактарына чейин барып, кызмат кылам. Өзүмдүн командамда 5 ашпозчу, идиш жууган 2 кызматкер, 3 официант, музыкант жана тамада бар. Айына 70 миң сомго чейин киреше табам», - дейт ашпозчу.

Анын айтымында, иш учурунда дагы кызыктуу окуялар көп болот.

«Бир жолу куда тосууга буйрутма түштү. Барып, кызмат кылып жүрсөк кудалар үй ээсин мени менен алмаштырып алып, мага кийит кийгизгени эсимде. Келинчегим дагы мени менен ашпозчу болуп эмгектенет. Келечекте үй-бүлөлүк ресторан ачуу планым бар», - деди ал.

М.Жумакадыров эки уул, эки кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×