Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.08.2019 12:44

Сүрөт — Ысык-Көлгө Ош облусунун делегациясы келди

Turmush -  Ысык-Көл районунун «Тамчы» эл аралык аэропортунан Ош облусунан келген делегацияны тосуп алышты, деп билдирет Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

40 адамдан турган «Достук кербени» иш-чарасынын катышуучуларын өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басарлары тосуп алышты.

Аталган иш-чара эки облустун достук мамилесин чыңдоо максатында өткөрүлүп, анын алкагында жолугушуулар, спорттук жана маданий программалар уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×