Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 30.08.2019 15:49

Сүрөт — Оштун делегациясы Ысык-Көлдүн активи менен жолукту

Turmush -  Ош облусунан келген делегация Ысык-Көл, Тоң райондорунун жана Балыкчы шаарынын активи менен жолугушту, деп билдирет аймактык кабарчы.

Жолугушууда катышуучулар аймактар аралык кызматташуу, достук жана биримдик маселелерин талкуулашты.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов баштаган делегацияны 30-августта эртең менен өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эльмира Усенова жана жергиликтүү жетекчилер «Тамчы» эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.

«Ынтымак кербени» деп аталган иш-чара эки облустун достук мамилесин чыңдоо максатында өткөрүлүп, анын алкагында жолугушуулар, спорттук жана маданий программалар уюштурулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×