Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 02.09.2019 16:53 Жаңыланды: 02.09.2019 18:07

Ысык-Көлдө курулушу 11 жыл мурун башталган мектеп ишке берилди. Сүрөт

Turmush -  Бүгүн, 2-сентябрда Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында жаңы курулган К.Тыныстанов атындагы мектеп ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземге вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, аким Данир Иманалиев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Маалым болгондой, эки кабаттуу, 328 орундуу мектептин курулушу 2008-жылы башталган. Каражаттын жоктугунан улам 2014-жылы курулуш иштери токтоп, кайра 2017-жылы улантылган. Быйыл курулуш иштери толук аяктап, ишке берилди.

Мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы 63 млн сом жумшалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×