Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.09.2019 13:22

Ысык-Көлдүн акиминин жаңы орун басары Д.Акматова жамаатка тааныштырылды

Turmush -  Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жамаатына акимдин жаңы дайындалган орун басары Динара Акматова тааныштырылды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Д.Акматованын дайындалышы боюнча буйрукка 3-сентябрда премьер-министр М.Абылгазиев кол койгон.

Д.Акматова буга чейин райондук администрациянын аппарат жетекчиси болуп эмгектенген. Жаңы орун басарды өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Элмира Үсөнова тааныштырды.

Д.Акматова өз каалоосу менен кызматынан кетүү тууралуу арыз жазган Максат Мусаевдин ордуна келди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×