Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 09.09.2019 12:46

Сүрөт — Ысык-Көлдө Комуз күнү белгиленип жатат

Turmush -  Бүгүн, 9-сентябрда Ысык-Көл районунун Корумду айылында Комуз күнү белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Карамолдо Орозов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде уюштурулган «Улуу Карамолдого таазим» аттуу иш-чара комузчунун күмбөзүнө гүл чамбар коюу менен башталды. Иш-чарага белгилүү комузчу, СССРдин эл артисти С.Токтакунова жана Нарын, Талас облустарынан, Каракол шаарынан келген жаш комузчулар катышып, кыргыз күүлөрүн аткарышты.

Кыргызстанда 9-сентябрда Комуз күнү белгиленет. Президент Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» жарлыкка ушул жылдын 29-июлунда кол койгон.

Карамолдо Орозов 1883 жылы Ысык-Көлдүн Корумду айылында туулган. Комуз черткенди атасы Ороздон үйрөнгөн. Карамолдонун кесипкөй комузчу болуп өнүгүшүнө ошол кезде Ысык-Көлдө, Нарында аты чыгып жүргөн Чынгышбай, Бурулча, Байгабыл, Абак, Боккөтөн, Майлыбай, Кудайберген деген музыканттар менен жолугушуп, алардын комузчулук өнөрүнөн таалим алышы өбөлгө болгон.

Карамолдо Орозов жаш кезинде эле чебер комузчу болуп таанылган. 1928-жылы кыргыз эл музыкасын нотага түшүрүү үчүн Касым Тыныстанов баш болгон Эл агартуу комиссариаттын кызматкерлери тарабынан А.Затаевич чакырылганда Карамолдо Ысык-Көлдөн атайын алынып келген. Затаевич Карамолдонун аткаруусундагы 29 комуз күүсүн жазган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×