Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 17.09.2019 10:10

Ысык-Көлдө айылдашын зордуктоого шектелген жигит кармалды

иссык-кульский район
иссык-кульский район

Turmush -  Ысык-Көл районунда айылдашын зордуктоого шектүү делген жигит кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө 14-сентябрда Бактуу-Долоноту айылынын 1987-жылы туулган тургуну М.Э. арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 16:00 чамасында Азамат аттуу адам анын үйүнө келип, күч колдонуу менен зордуктагандыгын билдирген.

Аталган факт РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Оперативдүү тергөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жаран кармалган. Ал аталган айылдын 1989-жылы туулган тургуну Азамат экендиги аныкталган. Ал сурак учурунда өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.

Аталган факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×