Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 27.09.2019 14:10

Сүрөт — Ысык-Көлдө 100 жыл мурун жасалган боз үй

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну Чолпон Исраилова 100 жыл мурун жасалып, атасынан калган боз үйдү айылдагы «Апалардан алтын сабак» жамаатына тапшырды.

Жамааттын жетекчиси Ырысбүбү Мамытованын айтымында, алар 100 жыл болгон боз үйдү жаңыртуу аракеттерин баштаганда анын жасалуу технологиясы азыркыга караганда бир топ татаал экенин көрүшкөн.

«Илгери боз үйдү татаал ыкма менен жасашчу экен. 100 жыл болгон боз үйдү үлгү катары карап, жаңы моделин жасап жатабыз. Жаштарга боз үйдү жасоодо колдонулган математикалак тактык, физикалык тең салмактык боюнча айтып берүүнү максат кылып жатабыз. Экинчи жаңы боз үйдү окуучулар менен жасайбыз. 100 жыл мурунку ыкма менен жасалган жаңы боз үйдүн бер ачары сентябрдын соңунда болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×