Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 21.09.2019 13:23

Ысык-Көлдө 86 айыл таза суу менен камсыз болду

Turmush -  Ысык-Көл облусунда 86 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болду. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин башчысы Рахмидин Батырканов маалымдады.

Анын айтымында, облуста 176 айыл бар, анын 86сы таза суу менен камсыз болду.

«Облус боюнча 76 айыл дүйнөлүк банктын, 12 айыл республикалык бюджеттин эсебинен, 6 айыл башка каржы булактар аркылуу каржыланып, таза суу тартуу иштери жүрүп жатат. Учурда Түп районунун Корумду айылында 62 млн сомдук долбоор ишке ашууда. Мындан тышкары Тоң районунун Шор-Булак айылына таза суу тартуу иштери жүрүүдө. 2021-жылы облустун бардык айылдары таза суу менен камсыз болот», - деди Р.Батырканов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×