Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 22.09.2019 17:06

Ысык-Көлдүн жээгинен тонналаган таштандылар чыгарылды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл районунда жана Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайларынын пляждарында 21-сентябрда тазалык акциясы өткөрүлдү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Акимдин орун басары Динара Акматованын айтымында, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембилик уюштурулуп, жайкы эс алуу мезгили аяктагандан кийин таштандылар тазаланды. Ар бир пляждан 5 тоннадан 8 тоннага чейин таштанды чыгарылды.

Жергиликтүү тургундар мындан ары жайында иштөө үчүн келген ижарачыларга жаңы талаптарды коюу менен алардын жоопкерчилигин күчөтүү керек экендигин айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×