Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.09.2019 11:12

Улуттук көчмөндөр оюндары: Ысык-көлдүк кушчу далба ойнотууда 1-орунду алды

Turmush -  Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын тургуну Түгөлбай Абдыкадыров Улуттук көчмөндөр оюндарында ителги далба ойнотуу мелдешинде 1-орунду алды, деп билдирет аймактык кабарчы.

Т.Абдыкадыров 1976-жылы туулган. Акыркы 20 жылдан бери куш таптоо менен алектенет.

«Далба ойнотуу — шумкардын азгырыкка учуусу. Команданын курамы 1 жетектөөчү жана 3 кушчу болуп 4 адамдан түзүлөт. Бул мелдеште азгырыкка коё берилген шумкардын учуу ылдамдыгы бааланат. Ар бир кушчуга өзүнүн шумкарын сынаганга 3 мүнөт берилет. Ушул убакыттын ичинде куш өйдө учуп, кушчу жиптеги азгырыкты тегеретип кармап турганда азгырыкка кол салышы керек. Азгырык кекиликтин, кыргоолдун жана көгүчкөндүн куйругунан жана канаттарынын жүнүнөн даярдалат. Эрежеге ылайык калыстар шумкар азгырыкка канча жолу учуп келип, кол салганы белгилешет. Жеңүүчү упайлардын негизинде аныкталат.

Менин ителгим Ышкырык 3 мүнөттүн ичинде 19 жолу чабуул жасап, 7 облус жана 2 шаардан келген 9 ителгинин арасынан 1-орунду алды. 2-орунду Талас облусу, 3-орунду Ош облусу алды. Буга чейин Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 2-орунга ээ болгом.

Ышкырыкты багып жатканыма төрт жыл болду. Көптөгөн ийгиликтерге жетишти. 2018-жылы Казакстанда өткөн чемпионатта 9 мамлекеттен келген ителгилердин арасынан баш байгени жеңип алган. Бул ителгиден тышкары эки бүркүтүм бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×