Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 24.09.2019 13:37

Ысык-көлдүк жубайлар 7 айдан бери дайынсыз, апасы ооруканада күтүп жатат

Turmush -  Бишкек шаарына иштөө үчүн кеткен ысык-көлдүк жубайлар 7 айдан бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга алардын бир туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылынын 1986-жылы туулган тургуну Айтбеков Марат жана анын жубайы Мээрим мындан 7 ай мурда Бишкеке иштейбиз деп кетишкен.

«Марат бир аз кекечтенип сүйлөйт. Аялы Мээримдин бою кыска. Мээримдин атасы каза болгондо дагы аны табышкан эмес. Азыр Мараттын апасы катуу ооруп, оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Уулун күтүүдө. Марат 6 бир туугандын кенжеси. Алар дайынсыз болууда», - дешти бир туугандары.

Айрым маалыматтар боюнча, Марат менен Мээрим 3 жыл мурда баш кошушкан. Мээрим кош бойлуу кезинде кан көп жоготуудан улам баласы өлүк төрөлүп калган. Андан кийин экөө ажырашып, бирок Бишкек шаарына барганда кайра жарашышкан.

Бир туугандары аларды көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×