Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-октябрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 04.10.2019 12:13

Ысык-Көлдүн акимиаты Григорьев капчыгайында курулуш башталганын төгүндөдү

Turmush -  Ысык-Көл районунун Григорьев капчыгайында курулуш иштерин жүргүзүү үчүн атайын техникалар алынып келип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Салтанат Мукамбаева билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда жарыяланган маалыматты тактоо үчүн ал жерине барып келген.

«Григорьев капчыгайында жергиликтүү кинорежиссер Руслан Акундун командасы тасма тартып жатыптыр. Тасманын эпизоддору облустун аймагында, анын ичинде Григорьев капчыгайында дагы тартылып жаткан экен. Тынчсызданууга негиз жок», - деди С.Мукамбаева.

Буга чейин Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу өзүнүн жеке баракчасында Григорьев капчыгайына атайын техникаларды алып келип жатышканын жазып, «билишимче, жаратылыш парктын аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган да?» деп суроо салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×