Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.10.2019 14:51

Ысык-Көлдө ээн жүргөн жылкыларга түн ичинде жарык берүүчү тасмалар тагылды

Turmush -  Ысык-Көл районунда жолдун жээктеринде ээн эркин жүргөн жылкыларга түн ичинде жарык берүүчү тасмаларды тагуу иши уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, мал-жандыктар катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатын көздөгөн мындай иштер Бостери айыл өкмөтүндө дагы жүргүзүлдү.

«Айыл өкмөт тарабынан бекер таратылган тасмаларды мал ээлери алып, тагып жатышат. ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери ар бир айыл өкмөткө ушундай талапты коюуда. Түн ичинде жарык берүүчү тасма жол кырсыктарын алдын алууга жардам берет», - деп билдиришти Бостери айыл аймагынан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×