Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 10.10.2019 17:44

Ак-Сууда мыкты деп табылган 3 мектеп сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы 35 мектептин ичинен 3 мектеп мыкты деп табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондун аймагындагы мектептер арасында мелдеш өткөн. Анда жаш муундарды окутуп, тарбиялоодогу жана долбоорлор менен натыйжалуу иш алып барган мектептердин мугалимдери күч сынашкан.

Ошондой эле, билим берүү мекемесинин техникалык базасын чыңдап, «Иштерман педагогикалык жамаат» деп 3 мектеп табылып, жеңүүчү аталды. Аларды райондук билим берүү бөлүмү жана райондук профсоюздардын комитети мугалимдердин кесиптик майрамына карата өткөн иш-чарада сыйлады.

- 1-орун М.Мамакеев атындагы мектеп-гимназиясы 1-даражадагы диплом жана 5 миң сом;

- 2-орун Киров атындагы мектеп-гимназиясы 2-даражадагы диплом жана 3 миң сом;

- 3-орун Истамбетов атындагы орто мектеп 2-даражадагы диплом жана 2 миң сом менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×