Бөлүмдөр
Шаршемби, 11-декабрь
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 12.10.2019 12:26

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк Каниет салмагы 18 кг кант кызылчасын өстүрдү

Turmush -  Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылынын 40 жаштагы тургуну Каниет Муканбетов дыйканчылык менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал Ананьев айылындагы №82 кесиптик окуу жайында билим алган.

«Жаш кезимден бери дыйканчылык менен алектенем. Үй-бүлөбүз менен мал баккандыктан тоют катары колдонуу үчүн кант кызылчасын өстүрөбүз. Кызылчада эч кандай химикаттар жок, таза экологиялык жол менен өсөт. Болгону кык себебиз. Ошондон уламбы 10 сотых жерден 8-9 тонна кант кызылчасын алабыз. Ар бир түп кызылча 70ке жакын жалбырак байлап, анын өсүү убагы 25-70 күнгө созулат. Кызылчанын салмагы ар кандай болот. Быйыл эң чоң кызылчанын салмагы 18 килограммды түздү. Жыйнаган түшүм мал-жандыкка жетет», - дейт дыйкан.

К.Муканбетов келечекте чоң ферма түзүп, бул ишин балдарына үйрөтүүнү көздөйт. Ал эки кыз, эки уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×